Токио-2020: кыргызстандык үч балбандын атаандаштары аныкталды

Акжол Махмудов. 2017

Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада 2-августта күч сынаша турган кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбековдун алгачкы атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын олимпиадалык делегациясынын башчысы Марат Аскарбеков билдирди.

77 кг салмактагы Акжол Махмудов алгачкы күрөшүн Тунис өлкөсүнөн келген балбан Ламьед Маафи менен өткөрөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 8:00дө башталат.

97 кг салмактагы Үзүр Жусупбеков армениялык учурдагы олимпиада чемпиону Артур Алексанянга каршы чыгат.

Дагы караңыз Кыргызстан спортчуларын тосуп алды

Кыз-келиндер күрөшүндө 68 кг салмакта кыргызстандык Мээрим Жуманазарова алгачкы күрөшүн Болгариянын спортчусу Мими Христова менен өткөрөт.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. (МТа)

Дагы караңыз

Жапония Токиого жакын үч аймакка өзгөчө абал киргиздиТокио-2020: Медет кызы жарым финалга чыктыCOVID-19: 10 адам каза болуп, 954 адамдан табылдыТокио-2020: Шаршенбеков чейрек финалды молдовалык балбанга утулуп калды