Токио-2020: Медет кызы алгачкы атаандашын жеңди

Айпери Медет кызы. 2019

Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада эркин күрөш боюнча 76 кг салмакта кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы алгачкы атаандашы, казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1 эсеби менен жеңди.

22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону жана эки коло байгенин ээси. 2020-жылы Азия чемпиону аталган.

Чейрек финалда Медет кызы Олимпиада чемпиону, Орусиянын Олимпиада комитетинин атынан катышып жаткан Наталья Воробьева менен беттешмекчи.

1-августта кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков алгачкы күрөшүн казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен өткөрөт.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мамлекет Олимп оюндарында алтын медаль уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. (МТа)

Дагы караңыз

Таңкы Азаттык Бишкектеги түнкү сугатКыргыз-тажик чек арасынын 40 чакырымы боюнча документке кол коюлдуАКШ Орусиядагы 182 дипломатын кыскартат