Каракол шаарындагы суу киргенден улам көчүрүлгөн 27 үй-бүлөнүн тургундары өз үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
30-июль күнү саат 04:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен, Каракол суусунун деңгээли көтөрүлүп, жакын жайгашкан турак жайларды каптап кетүү коркунучу пайда болгон.
Сел "Ривер парк" эс алуучу жайын каптаган. Жөө адамдар өткөн көпүрө авариялык абалга кептелип, бир үйдүн сарайынын дубалы урап калган. Бул парк 2017-жылы ачылган, ага 100 миң доллар кеткени айтылган.
30-июлда катуу жааган жамгырдан улам Ысык-Көл облусунун күңгөйү жана тескейинде бир катар аймагында сел жүргөн. (МТа)
Дагы караңыз
Токио-2020: оор атлетчи Расулбеков 6-орунду ээледиКечки Азаттык (3-чыгарылыш)Кечки Азаттык (2-чыгарылыш) Токио-2020: Шаршенбеков менен Медет кызынын атаандаштары аныкталды