Токио-2020: оор атлетчи Расулбеков 6-орунду ээледи

Бекдөөлөт Расулбеков. Токио, Жапония. 31-июль, 2021-ж.

Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында кыргызстандык оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков 6-орунду ээледи.

Ал бүгүн, 31-июлда 96 килограмм салмакта күч сынашты. Булкуп көтөрүүдө 166, түртүп көтөрүүдө 208 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы 374 килограмм салмакты багындырды.

Бул салмакта он спортчу байге үчүн ат салышты.

1-орунду Катардын спортчусу Элбах Фарес Ибрахим алды. Ал 402 килограмм салмакты көтөрүү менен Олимпиаданын рекордун да жаңыртты. Спортчу булкуп көтөрүүдө 177 килограмм, түртүп көтөрүүдө 225 килограммды көтөрдү.

Күмүш жана коло байгелерди 387 килограммды эсебине жазган Венесуэла спортчусу Кейдомар Валенилья (177 кг, 210 кг.) менен Грузиянын өкүлү Антон Плесной алды. (МТа)

Дагы караңыз

Токио-2020: Шаршенбеков менен Медет кызынын атаандаштары аныкталдыОор атлетика: өлкөнү кыйырга тааныткан спортчулар Кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал салды деген негизде үч кыз кармалдыСузак: селдин чыгымы 113 миллион сомго жетти Данияр Нарымбаевдин абалы оор экени кабарланды