Жогорку сот “Биздин Кыргызстан” партиясын колдогон чечим чыгарды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку сот Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышып, экинчи орунга чыккан “Биздин Кыргызстан” саясий партиясын колдогон чечим чыгарды. Соттун 30-июлдагы токтомун партиянын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов жарыялады.

Токтомдо Бишкектин Административдик сотунун чечими күчүндө калтырылганы жазылган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн.

Ош шаарынын Аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, БШКга бекитүүгө жөнөткөн. Ага ылайык, мандаттар төмөндөгүчө бөлүштүрүлмөк: “Ата-Журт Кыргызстан” – 19, “Биздин Кыргызстан” – 15, “Улуттар Биримдиги” – 7, “Бир Бол” – 4.

26-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Биздин Кыргызстан" добуш сатып алууга аралашканын билдирип, анын алган добуштарын жараксыз деп тапкан жана тизмеден чыгарган.

28-июлда Бишкектин Административдик соту БШКнын бул чечимин жокко чыгарган.

29-июлда БШК Жогорку сотко арызданып кайрылган. (RK)

Дагы караңыз

“Ак-Тилекте” жүздөн ашуун жүк ташуучу машина кезек күтүп турат"Проект" басылмасынын баш редактору Орусиядан чыгып кеттиТокио-2020: Орусиялык эки спортчу төрт алтын уттуСтатком: Кылмыштуулук деңгээли кыйла жогорулады