"Проект" басылмасынын баш редактору Орусиядан чыгып кетти

Роман Баданин

"Проект" басылмасынын баш редактору Роман Баданин Орусиядан чыгып кеткенин өзү Reuters маалымат агенттигине кабарлады.

Орусияда "Проект" басылмасы "жагымсыз уюмдардын" тизмесине киргизилген. Ал эми анын башкы редактору Роман Баданин болсо "чет элдик агенттердин" реестрине кошулган.

Журналист мекенине кайтпай турганын, анткени аны "Проект" басылмасындагы ишмердиги үчүн кылмыш жоопкерчилиги күтүп турганын билдирди.

Ал 2015-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча "жагымсыз уюмдардын" тизмесине киргизилген мекемелердин кызматкерлери алты жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн экенин мисал келтирди.

Баданин басылманын калган кызматкерлерин дагы Орусиядан чыгарып, коңшу өлкөлөрдүн бирине алып кетүүгө аракеттер жүрүп жатканын кошумчалады.

Баданин кандай гана шарт-жагдай болбосун "Проект" басылмасы ишмердигин токтотпой турганын белгиледи.

Дагы караңыз

Түркия: токойдо чыккан өрт туристтик жайларга жеттиТокио-2020: Орусиялык эки спортчу төрт алтын уттуСтатком: Кылмыштуулук деңгээли кыйла жогорулады Беларус: ишкерлер бийликтин басымына кабылганын айтышуудаКыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер 528 миңден ашты