Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер 528 миңден ашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 30-июлга карата 528 миңден ашты. COVID-19 боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, алардын 115 миңи вакцинанын эки дозасын тең алгандар.

Соңку бир күндө вакцинаны 19 миңге жакын адам алды.

Өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын расмий катталган саны 162 миңге, каза болгондор 2311 адамга жетти.

Учурда республиканын бардык аймактарында "Спутник V", Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар.

Президент Садыр Жапаров 23-июлда Sinopharm вакцинасын алды. Ал элге кайрылып, эмдөөдөн өтүүгө, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө чакырды.

Вакцина 18 жаштан улуу курактагы бардык каалоочуларга сайылууда. Кыргызстандын калкы 6,5 миллион адам. Алардын 30 пайызы 15 жашка чейинкилер. (RK)

Дагы караңыз

Орусияда "Жахабанын күбөлөрү" диний уюмунун мүчөлөрү соттолдуТокио-2020: алтын медалдар саны боюнча Жапония, Кытай алдыдаУКМК бажыдагы мыйзамсыз схеманы аныктадыӨкмөт: Жерүйдө быйыл 2,3 тонна алтын өндүрүлөт