Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 30-июлдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан 10 адам каза болду.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2311 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 958 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (574) жана Чүй облусунда (128).
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 161 973 адамга жетти.
Бир күндө 1485 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3888 адам жатат, дагы 11 483 бейтап үйдөн дарыланууда.
Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.
Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.
15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан. (RK)
Дагы караңыз
Адвокат: Данияр Нарымбаевдин саламаттыгы начарлап жататЫсык-Көл: пансионаттагы өлүмдүн себеби иликтене баштадыCOVID-19: Түндүк Осетияда чектөөлөргө каршы чыккандар кесилдиОлимпиада-2020: Кытай менен Жапония алдыда