АКШ менен Индия коопсуздук жаатында кызматташууну кеңейтет

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар. Нью-Дели, 28-июль, 2021-жыл.

Кытай аймактагы өз саясатын күчөтүп, Ооганстандан эл аралык аскерлер чыгарылып жаткан маалда АКШ менен Индия коопсуздук жаатында кызматташуусун кеңейтүүнү чечти. Бул тууралуу 28-июлда Нью-Делиде өткөн жогорку даражалуу дипломаттардын жолугушуусунда сөз болду.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар менен жолугуп жатып эки өлкөнүн мамилеси өзгөчө маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле, Нью-Делинин Ооганстандагы туруктуулук орнотууга кошкон салымына баа берди.

Кошмо Штаттар жана Индия аймактык Quad альянсына мүчө. Австралия жана Жапония кирген бул топ Кытайдын өрчүп бараткан экономикалык жана аскердик кубаттулуугуна каршы турууга багытталган.

Бээжин аталган альянсты "Кытайдын амбицияларына каршы турууга багытталган клуб" катары мүнөздөйт. Соңку жылдардагы Кытайдын Гонконгдогу саясаты жана Шинжаңдагы мусулмандарды куугунтуктап башташы АКШнын тынчсыздануусун күчөттү.

Дагы караңыз

Жемкорлукту ачыктаганын айткан мурдагы кызматкер президентке кайрылдыЖеңиш Молдокматов убактылуу кармоочу жайга которулду Өзбекстан элди эмделүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алды