30-июлдун аба ырайы

Сары-Челек.

30-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 19…24, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 27…29 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында маал-маалы менен өткүн өтүп, күн күркүрөйтт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 22…24 градуска чейин жогорулайт.

Дагы караңыз

Парламент маалымат мыйзамын кабыл алууда эреже бузулбаганын билдирдиБаткендеги чек ара жаңжалында кыйраган 60 үй курулуп бүттүКазакстанда бир суткада коронавирустан 97 киши көз жумдуБылтыркы шайлоого катышкан партиялардын 5 млн сомдук күрөөсү кайтарылып берилмей болду