Орусия Тажикстанга акысыз курал-жарак берет

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

Ооганстандагы кырдаал Тажикстанга коркунуч туудурса Орусиянын 201-базасы тажик бийлигине аскерий жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

Ал ошондой эле, Москва тажик армиясын курал-жарак жана аскер техникасы менен бекер жабдыганга даяр экенин айтты.

Орусиянын коргоо министри Тажикстан ЖККУга мүчө, аскердик союздаш болгондуктан анын аймактык бүтүндүгү менен коопсуздугун коргоо маселесинде "Москва четте карап турбайт" деп ишендирди.

Шойгу андан сырткары орус аскерлери Сирияда, Ливия жана Иракта согушкан жоочулардын айрым куралдуу топтору Ооганстандын аймагына өтүп жатканын каттаганын билдирди. Учурда Тажикстандын армиясынын кесиптик даярдыгын жогорулатып, анын тажрыйбасын арттыруу боюнча иш-чаралар жүрүп жатканын белгиледи.

Дагы караңыз

Султанбеков: Оппозиция бирикпесе дагы жеңилетДепутаттар талаштуу маалымат мыйзамын колдоду"Тажик талибдери" Ооганстан менен чек арага жайгаштыБеларус: экстремисттик деп табылган телеканалга бөгөт коюлдуДепутат Маматалиев менен Нуржан Шайлдабекова кайым айтышты (видео)