Роскомнадзор оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташы Любовь Соболдун "Твиттер" аккаунтун бөгөттөө үчүн Twitter социалдык тармагына билдирүү жиберген. Бул тууралуу Любовь Соболь "Твиттерине" жазды.
Роскомнадзор жиберген билдирмеде Навальный негиздеген ФБК уюмунун юристи Любовь Соболь "Твиттер" баракчасына сот тарабынан тыюу салынган экстремисттик уюмдун ишмердигин үгүттөө үчүн колдонот деп белгилеген.
Буга чейин Орусиянын бийлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун (ФБК) сайтына жана ага байланыштуу интернет ресурстарынын баарын чектеген.
26-июлдан тарта navalny.com сайтына кирүүгө аракет жасаган учурда байланыш операторлору “Маалыматты коргоо мыйзамына” ылайык ага кирүү жеткиликтүү эмес экенин эскерткен.
Сайт Орусияда тыюу салынган интернет ресурстардын тизмесине киргизилип, аталган тизме "Роскомсвобода" мекемесинин сайтына жайгаштырылды.
Навальныйдын тарапташтарынын Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володинге байланыштуу соңку иликтөөсү азырынча YouTube каналынан алына элек. Анда Володиндин туугандарына катталган миллиарддаган активдер тууралуу айтылат.
Буга чейин Алексей Навальный жана анын тарапташтары президент Путиндин жакын адамдары саналган миллиардер Олег Дерипаска жана вице-премьер-министр Сергей Приходьконун баш айланткан мүлкү жана аларды каяктан тапканы тууралуу чуулгандуу иликтөөлөрдү жарыялап, коомчулукта катуу талкууга алынган.
Дагы караңыз
Депутат Маматалиев менен Нуржан Шайлдабекова кайым айтышты (видео)Кыргызстанда жарым миллиондон ашуун адам коронавируска каршы эмделдиКазакстан Кыргызстанга 25 миң доза QazVac вакцинасын жардам катары бердиПакистанда жоочулар кытай жумушчуларына ок чыгардыБайден Орусия Конгресстин шайлоосуна кийлигишүүсү мүмкүн экенин айтты