Депутат Маматалиев менен Нуржан Шайлдабекова кайым айтышты (видео)

Нуржан Шайлдабекова

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентте кер-мур айтыша кетти.

Депутат Маматалиев 11-июлда өткөн үч шаардагы кайра шайлоодо айрым партиялардын мыйзам бузуусуна көз жумулганын билдирип, Шайлдабекованы сынга алды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова депутат Маматалиевге мыйзам чегинде иш алып барып жатканын, анын партиясынын мыйзам бузуулары жөнүндө айтууга мажбур кылбоону эскертти.

“Сизден айырмаланып, кызмат абалымды сиздин партиянын мыйзамсыз иштери жөнүндө айтууга колдонгон жокмун. Бирок сиз мени мажбурлап жатасыз. Мен сизди БШКнын ишине кийлигишпөөгө чакырам”.

Сөз алган депутат Шайлообек Атазов спикерге кайрылып, боршайкомдун төрайымы депутаттардын сөзүнө комментарий берип жатканын айтып, БШКнын адилетсиздигинен кайра-кайра революция болуп жатат деп билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешине ат салышкан "Ынтымак" партиясын үгүт учурунда шайлоодон четтеткен. Аталган партиянын лидери Марлен Маматалиев.

Эске салсак, өткөн жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан " партияларынын жеңиши нааразычылыктарды жаратып, эл митингге чыккан. Ал бийликтин алмашуусу менен аяктаган.

Депутаттар Марлен Маматалиев менен Шайлообек Атазов "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен шайлоого катышкан. Нуржан Шайлдабекова ал учурда дагы БШКнын төрайымы болуп турган. (МТа)

Дагы караңыз

Байден Орусия Конгресстин шайлоосуна кийлигишүүсү мүмкүн экенин айттыӨзгөн: Кадыралиевдердин кылмышка шектелген эки уулу камакка алынды Бабановдун бошоп чыгышы, "Кумтөр ишинин" саясий өңүтүCOVID-19: "Тез жардамга" эмделгендер аз кайрылууда