Таласта Киров суу сактагычында бир адам чөгүп каза болду

Киров суу сактагычы.

Таласта сууга чөгүп каза болгон адамдын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, окуя 25-июлда болгон.

Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычына сууга түшкөнү барган 27 жаштагы жергиликтүү тургун чөгүп каза болгон. Ал Кызыл-Адыр айылынын тургуну болчу.

ӨКМ билдиргендей, быйыл алгачкы алты ай ичинде Кыргызстанда 28 адам сууга чөгүп каза болгон. (MKt)

Дагы караңыз

29-июлдун аба ырайыАКШда Капитолийге болгон чабуул боюнча угуулар башталдыТаласта "Каржы пирамидасына" алдангандар акыйкатчыга кайрылыштыЭкономикага өзгөчө кырдаал киргизген мыйзам долбоору сунушталды