29-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк жерлеринде, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 28…33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 33…35 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында маал-маалы менен өткүн өтүп, күн күркүрөйтт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 25…27 градуска чейин жогорулайт.
Дагы караңыз
Таласта "Каржы пирамидасына" алдангандар акыйкатчыга кайрылыштыЭкономикага өзгөчө кырдаал киргизген мыйзам долбоору сунушталдыАдвокат: Бабановго Кыргызстанда диагноз кое албай жатышатКумтөрдө алтын чайкоочу фабрика жылдык оңдоп-түзөөдөн өттү