Белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 28-июлда Бишкекте көз жумду. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна маркумдун жакындары тастыктап, ал “бир аз ооруганын” билдиришти. Алардын айтымында, коштошуу зыйнаты 29-июлда Опера жана балет театрынын алдындагы аянтта өтөт.
Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ош облусунда туулган. 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган.
1992-1995-жылдары Казакстандагы соода өкүлү, “Кыргыз дан азык” ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген.
1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
2004-жылы "Кыргызстан элдик кыймылынын" аткаруу комитетинин төрагасы, 2005-2006-жылдары ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болгон.
Дагы караңыз Үсөн Сыдыков турмушунда күрөшчүл адам элеСыдыков “Жаңы Кыргызстан” партиясынын жетекчиси болгон.
2010-жылдын 14-майында өлкөнүн түштүгүндө контрреволюциялык аракеттерди уюштурууга шектүү катары кармалып, 2-июлда үй камагына чыгарылган. (RK)
Дагы караңыз
Кербен шаарынын мэрин шайлоого төртүнчү жолу мүмкүнчүлүк берүү каралуудаАКШ Өзбекстанга үч миллион доза Moderna вакцинасын бердиАткезчиликке каршы уюшулган элдик кошуундун мүчөлөрү суракка чакырылдыCOVID-19: Дагы 13 адам көз жумду, 996 бейтап жаңы катталды