АКШ Өзбекстанга үч миллион доза Moderna вакцинасын берди

АКШ эл аралык COVAX программасынын алкагында Өзбекстанга үч миллион доза Moderna вакцинасын берет. Препараттар 29-июлда Ташкентке жөнөтүлөрүн жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

АКШнын адистери аталган вакцинаны коронавируска каршы 94 пайыз натыйжалуу деп сыпатташкан. Аны 18 жаштан өткөндөр эки дозада бир ай аралыгында алат.

Вашингтон буга чейин Тажикстанга 1,5 миллион доза Moderna вакцинасын берген.

Дагы караңыз

COVID-19: Дагы 13 адам көз жумду, 996 бейтап жаңы катталдыПрезидент депутаттарды кайрадан резиденцияга чакырдыУКМК: Бабанов чет өлкөдөн дарылануу үчүн камактан бошотулду