Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Токиого сапар алды

Балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов. Бишкек. 27-июль, 2021-жыл.

Токио Олимп оюндарына жолдомо алган төрт грек-рим балбаны бүгүн, 27-июлда Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Токиого жөнөп кетти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасында балбандар Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Атабек Азисбеков жана Үзүр Жусупбеков бар. Курама команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев жетектейт.

Балбандар 1-августан баштап мелдешке чыга баштайт. Грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан балбан Жоламан Шаршенбеков 1-августа мелдешет.

2-августа Акжол Махмудов 77 килограммга чейинки салмакта күчүн сынайт. Оор салмакта Олимпиадага жолдомо уткан Үзүр Жусупбеков да бул күнү мелдешке чыкмакчы.

Ал эми Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын капитаны Атабек Азизбеков 3-августа мелдешке чыгат. Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер Бишкек убактысы боюнча эрте мененки саат 8:00дө башталат.

Токиодо олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Буга чейин мамлекет Олимп оюндарында алтын медал уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга ээ болсо 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.

Олимпиад оюндары 8-августа жыйынтыкталат. (GT)

Дагы караңыз

Токио-2020: дзюдочу Владимир Золоев мелдештен четтедиОлимпиада: Орусия 25 жылда биринчи жолу сууда сүзүүдөн алтын алдыCOVID-19 Кыргызстанда алты баланын өмүрүн алдыЧүй: Ок тийген эки киши ооруканага түштү