Токио-2020: дзюдочу Владимир Золоев мелдештен четтеди

Дзюдочу Владимир Золоев.

Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев 27-июлда Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча мелдешке чыкты. Ал 81 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, алгачкы беттешинде орусиялык балбан Алан Хубецовго жеңилип, мелдештен четтеп калды.

Беттештин негизги бөлүгүндө Владимир Золоев пассивдүү күрөшкөнү үчүн эки эскертүү алды. Негизги убакытта жеңүүчү аныкталбай, балбандарга кошумча (биринчи упайга же биринчи эскертүүгө чейинки кошумча бөлүк) убакыт берилди. Кошумча убакыт бүтөрүнө аз калганда калыс Золоевге дагы бир эскертүү берип, жеңишти орусиялык спортчуга ыйгарды.

Дзюдонун эрежеге ылайык, беттеште балбан үч эскертүү алганда жеңиш атаандашына ыйгарылат.

Токиодо олимпиада оюндары 23-июлда расмий ачылды. 8-августа жыйынтыкталат. Оюндарда спорттун 33 түрүнөн 339 медалдар топтому ойнотулуп жатат. Мелдештерге дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышууда.

Дагы караңыз

Олимп оюндарына аттанган 16 спортчу

Олимп оюндарына Кыргызстандан16 спортчу катышып жатат. Буга чейин кыргызстандык спортчулар Каныкей Кубанычбекова, Денис Петрашов жана Роман Петров мелдешке чыгып, атаандаштарына жеңилип, мелдештен четтеп калган. (GT)

Дагы караңыз

Олимпиада: Орусия 25 жылда биринчи жолу сууда сүзүүдөн алтын алдыТокио-2020: сүрөттө калган ирмемдерТокио-2020: Олимпиада маалында 16 кишиден  коронавирус чыктыТокио: Өзбекстан бир алтын, казак спортчулары эки коло медаль алышты Токио-2020: серфинг жана скейтбординг боюнча жарыштар башталуудаОлимпиада комитети беткап тагынбаган спортчуларга чара көрүлөрүн эскерттиТокио-2020: Роман Петров мелдештен четтеди