Байден: Ирактагы АКШ аскерлеринин ролу өзгөрөт

Вашингтон. АКШ президенти Жо Байден Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казыми менен. 26-июль, 2021-жыл.

АКШ президенти Жо Байден Иракта 2021-жылдын аягына чейин америкалык аскердик миссия бүтө турганын жарыялады. Бул тууралуу Байден Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казыми Вашингтонго сапар менен барган учурда билдирди.

Байден «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөштө Ирак бийлиги менен кызматташуу чөлкөмдөгү туруктуулукту сактоо үчүн өтө маанилүү болгонун айтты.

Ал Ирак премьерин бул кызматташтык эми жаңы шарттарда уланат деп ишендирди. Анда Ирактагы америкалык күчтөр эми аскер кеңешчилеринин жана аскер нускоочуларынын ролун аткара турганы айтылды.

АКШнын Ирактагы аскер контингенти 2020-жылдын аягында болжол менен 2500 кишиге барабар болгон.

Байден күжүрмөн миссия аяктаган соң, Иракта кала турган америкалык аскерлердин так санын азырынча айткан жок. Анткен менен Батыш агенттиктери аскерий эксперттердин "контингент анчейин деле кыскарбайт" деген пикирлерин келтиришүүдө.

Ирактагы АКШ аскерлеринин ролун өзгөртүү демилгеси Вашингтондун америкалык аскерлерди Ооганстандан быйыл 11-сентябрга чейин чыгаруу чечиминен кийин жарыяланган.

АКШнын президенти Жакынкы Чыгышта террорчулук менен күрөш улантыларын, ошол эле учурда, Кытайдын аракеттерине көбүрөөк көңүл бурууну убада кылган.

Вашингтон Кытайдын аракеттерин АКШнын коопсуздугуна карата узак мөөнөттөгү чакырык деп эсептейт.

Ошондой эле Мустафа аль- Казыми менен сүйлөшүүдө Байден АКШ жакында Иракка коронавируска каршы вакцина жөнөтөрүн убада кылды.

Дагы караңыз

АКШнын эскертүүсү: Испания, Португалия, Кипр жана Кыргызстанга саякаттоого болбойтЖээнбеков менен Зулпукаров дагы эки айга абакта калды Мэрия: Бишкекке быйыл 500 автобус сатылып алынатЖалал-Абад, Баткендеги селден 553 үй жабыр тартты “Казакстан айыл башчыларын түз шайлоого өтсө, биз артка кеттик”Сузактагы Таш-Булак айыл өкмөтүнө өткөн шайлоо жыйынтыгы экинчи жолу бекидиЫсык-Көлдө Эгизбаевдин элесине арналган футбол турнири өтүп жататМинистрлик: Эмдөөдөн кийинки өлүм боюнча экспертиза аяктай элекБишкекте француз-немис маданий институтун түзүү пландалуудаCOVID-19 Кыргызстанда алты баланын өмүрүн алдыӨзгөндөгү мушташта Кадыралиевдердин аты аталды Чүй: Ок тийген эки киши ооруканага түштү Мыйзам долбоору: ишке келбеген депутат мандаттан ажырайт Абдураимовдун долбоору, президент өкүлү күткөн ыйгарым укукОш: БШК "Биздин Кыргызстан" партиясын шайлоодон алып салдыКоронавирустан дагы 14 адам көз жумду, 969 бейтап жаңы катталды"Биздин Кыргызстан" партиясы Жогорку сотко кайрылатЖМК: учакты Минскиге кондурган авиадиспетчер Беларустан чыгып кеттиКырктан ашык ооган жоокери Пакистанга кире качты"Озоди": Эмомали Рахмондун жээндери министрди сабаганОоганстанда жапа чеккен жайкын тургундар көбөйдүОрусияда Навальныйдын сайты бөгөттөлдү