28-июлда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган жерлерде жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 21...23, күндүз 34…36;
Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 29…34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Нарын облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 34…36 градус ысык болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 27…29 градуска чейин жогорулайт.
Дагы караңыз
Жалал-Абад, Баткендеги селден 553 үй жабыр тартты Мэрия: Бишкекке быйыл 500 автобус сатылып алынатБоршайком Токмок АШКсын тараттыСузактагы Таш-Булак айыл өкмөтүнө өткөн шайлоо жыйынтыгы экинчи жолу бекиди