Бишкекте француз-немис маданий институтун түзүү пландалууда

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси М.Иверсенди жана Франциянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ф. Дэлаус.

25-июлда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси М.Иверсенди жана Франциянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ф. Дэлаус менен жолугуп, Бишкекте жаңы француз-немец маданият институтун түзүү маселесин талкуулады.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиялардын башчылары кыргыз тарапка француз-немис маданият институтунун максаттары жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат беришкен. Бул институтта баштапкы этапта тил курстарын(немис жана француз тилдери) ачуу пландаштырылып жаткандыгы, андан кийин ар кандай маданий иш-чаралар өткөрүлө тургандыгы белгиленген.

Маалыматта Борбордук Азия чөлкөмүндө мындай институт Кыргызстанда гана түзүлүп, дүйнөдө төртүнчү маданий институт болору жазылган. (MZh)

Дагы караңыз

Чүй: Ок тийген эки киши ооруканага түштү Коронавирустан дагы 14 адам көз жумду, 969 бейтап жаңы катталдыОш: БШК "Биздин Кыргызстан" партиясын шайлоодон алып салды"Биздин Кыргызстан" партиясы Жогорку сотко кайрылат