Коронавирустан дагы 14 адам көз жумду, 969 бейтап жаңы катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-июлдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан 14 адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2275 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 969 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (611) жана Жалал-Абад облусунда (88).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 159 089га жетти.

Бир күндө 1616 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3935 адам жатат, дагы 13 272 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан. (RK)

Дагы караңыз

Ош: БШК "Биздин Кыргызстан" партиясын шайлоодон алып салды"Биздин Кыргызстан" партиясы Жогорку сотко кайрылатЖМК: учакты Минскиге кондурган авиадиспетчер Беларустан чыгып кеттиКырктан ашык ооган жоокери Пакистанга кире качты