Боршайком Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоону өттү деп тааныды

Боршайком имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоону өттү деп таанып, добуш берүү жыйынтыгын бекитти.

Боршайкомдун 26-июлдагы отурумунда кабыл алынган чечимге ылайык, 11-июлда 227 участкалык шайлоо комиссиясында өткөн добуш берүүгө 104 141 шайлоочу катышты.

Ат салышкан 18 саясий партиянын алтоо - «Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Социал-демократтар» жети пайыздык чектен өттү.

Шаардык кеңештеги 45 мандаттын 11и «Эмгекке», тогузу «Ата-Журт Кыргызстанга», сегизи «Ишенимге», жетөө «Ынтымакка», бешөө «Өнүгүү-Прогресске» жана дагы бешөө «Социал-демократтарга» тийди.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн.

Ош жана Токмок боюнча БШКда расмий жыйынтык чыгарыла элек.

26-июлдагы отурумунда БШК Бишкектеги кайра шайлоого катышкан “Социал-демократтар” жана “Ынтымак” партияларынын “Эмгек” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларына каршы арыздарын колдогон жок. (RK)

Дагы караңыз

БШК “Эмгек” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларына каршы арызды колдогон жокБШК Бишкек кеңешине кайра шайлоо боюнча арыздарды карап жататФранциянын парламенти санитардык өткөрмө кагазын бекиттиКосового бараткан автобус кулап, 10 адам көз жумду