Беларус: "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун эки журналисти тергөө абагынан чыкты

Минск. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматынын эмгек жамааты.

Беларустун Окрестинадагы тергөө абагында отурган "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматынын журналисти Инесса Студинская эркиндикке чыкты. Бул тууралуу басылма өзү кабарлады.

Журналист кандайча бошотулганы тууралуу кеңири маалымат берилген жок. Болгону анын буга чейин тергөө абагында ачкачылык жарыялаганы гана белгилүү.

Андан тогуз саат өткөн соң ушул эле басылманын башка журналисти Олег Груздилович дагы тергөө абагынан чыкканы кабарланды. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматы анын адвокатына шилтеме берип, маалымат таратты. Бирок журналисттин жубайы Марианна күйөөсү Олег Груздилович үйүнө чыгып келе электигин айткан.

Мындан сырткары "Белсат" телеканалынын журналисти Игорь Ильяш дагы бошотулганы кабарланды.

23-июлда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматынын журналисти Алесь Дащинский жана "Белсат" телеканалынын кабарчысы Анна Голета эркиндикке чыккан болчу.

16-июлда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматынын Минскидеги кеңсесинде тинтүү жүрүп, журналисттер кармалган. Ошол эле күнү башка көз карандысыз медианын өкүлдөрү менен укук коргоочулары дагы тинтүүгө алынган.

Быйыл 14-июлга чейин беларус күч түзүмдөрү он бештен ашуун адамды кармап, камакка алганы кабарланган.

АКШ менен Евробиримдик Минскини кармалгандарды токтоосуз бошотууга чакырып, эл аралык милдеттемелерин так аткарууну эскерткен.

"Евробиримдик беларус элин колдоо үчүн мындан ары дагы зарыл болгон чараларды көрөт. Биз Беларуста куугунтукталган бардык укук коргоочулар, журналисттер жана жарандык активисттерди колдоп, аларды коргоону улантабыз", - деген Евробиримдиктин жогорку өкүлү Жозеп Боррель.

Беларустун күч түзүмдөрү эч кандай расмий түшүндүрмө берген эмес.

Дагы караңыз

Президент Садыр Жапаров көзүнө операция жасаттыЫсык-Көл: туристтер да эмделүүдөCOVID-19: Кытайда жыл башынан берки жогорку көрсөткүч аныкталдыМамлекет Бабосюк менен бирге ишкана түздүАткаминерлер төлөгөн миллиарддар