Грузия менен АКШнын армиясы башында турган 15 союздаш жана өнөктөш өлкөнүн 2,5 миңден ашуун аскеринин Agile Spirit машыгуулары 26-июлда башталды.
Ал Грузиянын беш полигонунда 6-августка чейин уланат. Бул тууралуу АКШнын Европа менен Африкадагы армиясынын башкы штабынын билдирүүсүндө айтылат.
Agile Spirit аскердик машыгууларынын ачылышы Грузиянын "Сенаки" аскер базасында өтөт. Ал эми жабылышы "Орфоло" полигонунда уюштурулат.
Бул аскердик машыгуулар 10-ирет уюштурулууда. Анын негизги максаты катышуучу-өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн өз ара шайкештиги менен ыкчам кызматташтыгын чыңдоо. Аталган машыгуулар Грузияда биринчи жолу 2011-жылы башталган. 2018-жылдан бери жылына эки ирет өткөрүлүп келет.
Машыгууга катышкан 2,5 миң жоокердин 80% Грузиянын куралдуу күчтөрүнүн аскерлери. 700дөй жоокер АКШдан, 250 катышуучу башка өлкөлөрдөн келет.
Дагы караңыз
Аткаминерлер төлөгөн миллиарддарАКШ Тажикстанга 1,5 млн. доза Moderna вакцинасын бердиЖК комитети 33 млн. евро насыяга автобус алуу келишимин жактырдыТүркия: коронавирус кайра баш көтөрдү27-июлдун аба ырайы