27-июлда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 20...25, күндүз 33…38;
Талас жергесинде түнкүсүн 17...22, күндүз 31…36;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 21…26, күндүз 34…39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 29…34;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 36…38 градус ысык болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 29…31° градуска чейин жогорулайт.
Дагы караңыз
Мамлекеттик ипотека боюнча жаңы программа башталдыЖогорку Кеңештин ишин жөнгө салган мыйзамдар кайра жазылдыДиректору коронавирустан каза болгон мектептин жаңы жетекчиси да көз жумдуБишкектин вице-мэри пара алуу боюнча кармалды