Кыргызстанда 460 миңден ашуун жаран коронавируска каршы эмделди

Кыргызстанда 460 миңден ашуун жаран коронавируска каршы вакцина алды. Алардын 107 миңден көбү эки дозаны тең сайдырышты. Учурда өлкөдө вакциналардын 1 миллион 100 миң чамалуу запасы бар. Бул 26-июль, таңкы саат 7ге карата маалымат.

Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда.

Кыргызстандыктарды эмдөөгө негизинен Кытайдын Sinopharm компаниясынын вакцинасы, андан тышкары Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca жана Орусиянын Sputnik-V препараттары колдонулууда.

Вакцина 18 жаштан өткөн жарандарга эки дозада акысыз сайылат. Аралыгы 21 күн болууга тийиш.

2020-жылдын мартынан бери өлкөдө расмий эсепте 158 миңдей адамга коронавирус жугуп, 2200дөн көп бейтап көз жумду.

Дагы караңыз

Директору коронавирустан каза болгон мектептин жаңы жетекчиси да көз жумдуЗордуктоого кабылган секелектин жакындары сотко нааразыКазакстан: айыл башчыларын биринчи жолу эл шайладыЖогорку Кеңештин ишин жөнгө салган мыйзамдар кайра жазылдыМамлекеттик ипотека боюнча жаңы программа башталды