ЖАМК аялдар абагында коронавирус жайылды деген маалыматты четке какты

Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) айрым жалпыга маалымдоо каражаттарындагы "аялдар абагында коронавирус жайылып жатат" деген маалыматтарды төгүндөдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, №2 аялдар абагында 246 экспресс-тест жүргүзүлүп, анын 22синен коронавирус чыккан. Алардан кайрадан ПЧР-тест алынды. Жыйынтыгы 26-июлда белгилүү болот. Учурда абакта COVID-19 жугуп, абалы оор болгон бейтаптар жок.

24-июлда Kaktus.mediа басылмасы Voice of Freedom фондунун өкүлү Батыр Ботобековго таянып, аялдар абагында коронавирус жапырт жайылып жатканы жөнүндө жазган.

Буга чейин «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму пандемиядан улам жабык жайлардагы абалга тынчсыздануусун билдирген. Уюм жабык жайлардагы адамдардын ден соолугуна жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатканын белгилеген.

Кыргызстандагы аялдар абагы Чүйдүн Степное айылында жайгашкан. Азыр ал жерде 200дөн ашык аял бар. Эң кичүүсү 18 жашта, улуусу 75ке чамалап калган. (TSh)

Дагы караңыз

Чехияда курал менен коргонуу укугу Баш мыйзамга киргизилдиКазакстан: акимдерди түз шайлоо башталдыЭлчилик депутаттын депортация боюнча билдирүүсүн төгүндөдүКоронавирустан дагы 11 бейтап көз жумду, 995 кишиден аныкталды