Президент Садыр Жапаров 24-июлда “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында жазылды.
Анда жарандарды руханий адеп-ахлактык тарбиялоонун сапатын жакшыртуу, элдик каада-салттарды кайра жандандыруу, руханий бай инсанды калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн шарт түзүү максатында жана Конституциянын 66 жана 71-беренелерине ылайык токтом кылынары айтылат.
Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө 2021-2026-жылдарга карата концепциянын мазмунун бул жактан окуңуз.
Министрлер кабинетине концепцияны ишке ашыруу үчүн план иштеп чыгуу жана аны аткаруунун каржылык маселелерин чечүү үчүн үч ай убакыт берилди. (TSh)
Дагы караңыз
Баткен: чек арада ок атышуу болуп, кырдаал жайгарылдыТокио-2020: казакстандык дзюдочу коло медал уттуӨзбекстанда президенттик шайлоо өнөктүгү башталдыЕвробиримдик өспүрүмдөрдү Moderna менен эмдөөгө уруксат бердиАдвокат: Атамбаев дагы бир кылмышка шектелүүдө