Өзбекстанда президенттик шайлоо өнөктүгү башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 23-июлдагы жыйынында өлкөдө президенттик шайлоо өнөктүгү башталганы жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Зайниддин Низамхожаев билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Анын айтымында, президенттик шайлоо 24-октябрга белгиленген. Талапкерлерди көрсөтүү 20-августтан башталып, 9-сентябрда аяктайт. Өзбекстандагы шайлоо кодекстерине ылайык, добуш берүү күнүнө чейин алты ай мурун каттоодон өткөн партиялар гана президенттикке талапкер көрсөтө алат. Учурда каттоодон бийликчил беш партия өткөн.

Ал эми Оппозициялык саясатчы Мухаммад Салих жетектеген "Эрк" партиясы менен Хидирназар Аллакуловдун жаңы түзүлгөн "Акыйкат жана өнүгүү" партиясы президенттикке талапкер көрсөтүү укугуна ээ болуу үчүн буга чейин бир нече жолу расмий каттоодон өтүүгө аракет кылышкан. Бирок Юстиция министрлиги аларды каттоодон баш тарткан.

Дагы караңыз

Евробиримдик өспүрүмдөрдү Moderna менен эмдөөгө уруксат бердиАдвокат: Атамбаев дагы бир кылмышка шектелүүдөЧек кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу