Европанын дары-дармекти тескөөчү агенттиги коронавируска каршы Moderna препараты менен 12-17 жаштагыларды эмдөөгө уруксат берди. Өспүрүмдөргө деле чоң кишилер сыяктуу төрт жума аралык менен эки доза сайылат.
Май айында Европанын дары-дармекти тескөөчү агенттиги өспүрүмдөргө Pfizer/BioNTech вакцинасын саюуну жактырган. Расмий статистикага ылайык, Европа Биримдигинде калктын жарымынан көбү коронавируска каршы вакцина алды.
2-июнда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кытайдын Sinovac компаниясынын коронавируска каршы вакцинасын колдонууга уруксат берген.
Буга чейин ДССУ Pfizer/BioNTech, Moderna, Johnson&Johnson, AstraZenecа жана Sinopharm вакцинасын каттаган.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн 450 миңден ашык киши өттү. Алар "Спутник V" жана Sinopharm вакциналарын алышты. (TSh)
Дагы караңыз
Адвокат: Атамбаев дагы бир кылмышка шектелүүдөЧек кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал туруктууБаткен: чек арада ок атышуу болуп, кырдаал жайгарылдыАким: Кум-Мазарда кыргыз-тажик тараптан топтолгондор тарады Аким: Көк-Таштагы окуяны милиция териштирүүдө