Орусияда жасалма эмдөө ашкере болду

Орусия. Эмделгени тууралуу жасалма сертификаттар даярдалганын иликтөө.

Орусиянын Брянск облусундагы Сельцовское шаардык клиникасынын кызматкерлери кишилерге коронавируска каршы эмделгени тууралуу документти акчага даярдап берип турганы аныкталды. Ал эми вакцинаны жок кылып турушкан. Бул тууралуу облустун губернатору Александр Богомазага шилтеме берип, "Интерфакс" агенттиги кабарлады.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн маалыматы боюнча Брянскинин 33 жаштагы тургуну ооруканада программист болуп иштеген таанышына эмдөө тууралуу маалымдаманы базага киргизип, жасалма документ даярдап берүүнү сунуштаган.

Быйыл май айынан баштап аймактагы ондогон кишинин эмделгени боюнча маалыматтары акча бергенден кийин базага киргизилип, жасалма документтер берилип турган.

Мындай мыйзамсыз кызмат көрсөтүүнүн акысы 15-20 миң рубль болгон.

Ооруканада иштеген программист менен медайымга кызматтык жасалмалуулук жана алдамчылык боюнча кылмыш иши козголду.

Дагы караңыз

Төрт жылдан бери бүтпөгөн Бишкек - Кара-Балта жолуТокиодо Олимп оюндары ачылды Вакцинадан кийинки өлүмдүн себеби такталуудаЧалгын башкармалыгы табышмактуу оорунун себебин иликтейтБеларуста 20га жакын коомдук уюм жоюлары айтылды