Беларуста Минск шаардык аткаруу комитетинин чечими менен шаардык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөн жыйырмага чукул коомдук уюм жоюла турганы кабарланды.
Алардын арасында "Имена" кайрымдуулук уюму, медиа боюнча иштеген "Пресс-клуб Беларусь" жана Human Constanta, Lawtrend укук коргоо борборлору бар.
Мындан сырткары билим берүүнү, жаштарды жана жаштар демилгелерин колдоо, калкты жумуш менен камсыздоого көмөктөшүү сыяктуу социалдык көйгөйлөр менен иштеген бейөкмөт уюмдар дагы жоюла турган коомдук уюмдардын тизмесине киргизилди.
“Ошентип, биздин кичинекей өлкөгө 2000ден ашуун бейөкмөт уюмдарды алыптырбыз. Алар негизинен бандиттер жана чет элдик агенттер. Анан эмне демократия болуп калдыбы? Азыр эми артыбызды карап "оо" дедик. Бул деген мамлекетке зыян. Анан тазалоо башталды”, – деди Лукашенко.
Ал эми өлкөдөгү юристтер коомдук уюмдар Беларустун мыйзамы боюнча соттун чечими менен гана жоюла турганын жүйө келтирип, бийликтин мыйзамсыз кадамы катары баалашты.
Былтыр 2020-жылдагы президенттик шайлоодон кийин Лукашенко коомдук уюмдарды, журналисттерди, укук коргоочуларды жана жарандык активисттерди куугунтуктоону күчөткөнү үчүн эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.
Дагы караңыз
Беларус: журналисттер бирлигин жоюуга арыз берилди Светлана Тихановская АКШнын мамлекеттик катчысы менен жолуктуБеларуста оппозициячыл 11 активист соттолдуБеларус: журналисттердин үйү тинтилип, айрымдары кармалдыHRW Беларустагы жарандык коомго басымды айыптады