Казакстанда соңку суткада коронавирус инфекциясынын жаңы 6 119 учуру лабораториялык жактан тастыкталды.
Бул Казакстанда пандемия башталгандан берки эң көп көрсөткүч болду. Өткөн аптада коронавирус илдетинин суткалык өсүүсү күн сайын беш миң кишинин тегерегинде болгон.
Ошентип, көпчүлүк бир кыйла төмөндөтүлгөн деп эсептеген статистикалык эсеп боюнча Казакстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны 2020-жылдын март айынан бери 516 117ге жетти.
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус илдетинин кеңири жайылышы өлкөдө анын жугуштуу дельта-вариантынын аныкталышынан улам күчөгөнүн белгиледи.
Илдет негизинен баш калаа Нур-Султан менен Алматы шаарында көп катталып жатканы маалымдалды.
Дагы караңыз
Кыргызстан спортчуларын тосуп алды Тажикстан 100 миңге чейин ооган качкынын кабыл алууга даяр “Ысык-Көлдөн бир элес”: эл унутпаган талант Аба ырайы: күн ченемден тышкары ысыйт Коронавируска каршы эмделген лидерлер