Тажикстан 100 миңге чейин ооган качкынын кабыл алууга даяр

Тажикстан. Хорог. Ооган качкындары үчүн даярдалган лагерь. 21-июль, 2021-жыл.

Тажикстан 100 миңге чейин ооган бозгундарын кабыл алып, өлкөгө жайгаштыра аларын жарыялады.

Учурда Ооганстандын түндүгүндөгү Тажикстан менен чектешкен райондорунун көпчүлүгү "Талибан" кыймылынын колунда экени белгиленди.

Таджикистандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин төрагасынын орун басары Эмомали Иброхимзода качкындарды кабыл алууда маселе жаралса, тажик бийлиги эл аралык уюмдарга кайрыларын билдирди.

Ал ооган качкындары үчүн азык-түлүк сактоочу кампалар Хорог менен Кушани райондорунда курулуп жатканын билдирди.

Эмомали Иброхимзода соңку суткаларда ооган жергесинен 1600 качкын Тажикстанга өтүп келгенин белгиледи.

Буга чейин Хатлон облусунун губернатору Курбон Хакимзода Тажикстандын Ички иштер министрлиги эл аралык уюмдардын каражатына качкындар лагерин куруп баштаганын билдирген.

Дагы караңыз

“Ысык-Көлдөн бир элес”: эл унутпаган талант  Аба ырайы: күн ченемден тышкары ысыйт Коронавируска каршы эмделген лидерлерСузактагы селден 450гө жакын үй жабыркаган Токтогулда суунун көлөмү 11,5 миллиард куб метрден ашты