Аба ырайы: күн ченемден тышкары ысыйт

Бишкек.

Шашылыш билдирүү: 24-27-июль күндөрү аба ырайы ченемден тыш ысыйт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°, Талас облусунун өрөөнүндө 37…39° чейин болот.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 24-июлда күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;

Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 33…38;

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 21…23°, күндүз 37…39 градуска чейин ысыйт.

Дагы караңыз

Токтогулда суунун көлөмү 11,5 миллиард куб метрден ашты Чүй: жол кырсыгынан алты киши мүрт кетти, дагы үчөөнүн абалы оор Президент эмдөөдөн өтүп, элди жалган маалыматка ишенбөөгө чакырдыЖарым жылда автокырсыктан 300дөн ашык адам каза болду“Кумтөрдүн” алтын ылгаган фабрикасы ремонтко убактылуу жабылды