Президент эмдөөдөн өтүп, элди жалган маалыматка ишенбөөгө чакырды

Садыр Жапаров коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алды.

Президент Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарындагы Bishkek Park соода борборунда ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алды. Өлкө башчысы андан кийин элге кайрылып, элди эмдөөдөн өтүүгө чакырып, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө керектигин айтты.

“Социалдык түйүндөрдө элге кайрылып “бул вакцина туура эмес. Элге зыян алып келет” дегендерге ишенбегиле. Аксакалдарга да кайрылам, элди антип адаштырбаңыздар. Вакцинаны эч ким кыйнап алдыртпайт. Ар бир адамдын жеке каалоосу менен болот”, - деди президент.

Ал ошондой эле, Кытай Кыргызстанга вакцинаны бекер бергени, Кыргызстандын калкынын 70% эмдөөдөн өтпөсө алака-катыш болбой турганы тууралуу жалган маалыматтар тарап жатканын кошумчалады.

11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1 миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келген. Анын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары бекер берилип, калган вакцинаны бийлик бюджеттен бөлүнгөн акчага сатып алган.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алган жарандардын саны 400 миңге чамалады. Алардын 101 миңден көбү эки дозаны тең сайдырышты.

Кыргызстандыктар негизинен Кытайдын Sinopharm компаниясынын вакцинасын алып жатышат. Анча көп эмес өлчөмдө Орусиянын Sputnik-V препараты да бар. 22-июлдан тарта AstraZeneca вакцинасы да сайыла баштады. (BTo)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина алды

Дагы караңыз

Жарым жылда автокырсыктан 300дөн ашык адам каза болду“Кумтөрдүн” алтын ылгаган фабрикасы ремонтко убактылуу жабылды Токтогулда суунун көлөмү 11,5 миллиард куб метрден ашты Вакцина алгандан кийин каза болгон бейтаптан улам комиссия түзүлдүCOVID-19: он адам көз жумду, вирус 1127 кишиден аныкталды