Жарым жылда автокырсыктан 300дөн ашык адам каза болду

Бишкек-Ысык-Көл автожолу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2021-жылдын алгачкы алты айында 3400дөй жол кырсыгы катталып, андан 329 киши каза болду. Дагы 5000 адам жаракат алды.

Бул тууралуу 23-июлда “Биринчи радионун” эфиринде жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын штабынын жетекчиси Өткүрбек Умаров билдирди.

“Жол кырсыктарынын 84% айдоочулардын күнөөсүнөн болуп жатат. Алардын ичинен бир жыл тажрыйбасы бар айдоочулардын күнөөсүнөн болгон кырсыктар жыл сайын 500дөн ашат”.

Кыргызстанда кан жолдордо акыркы күндөрү автокырсыктар көбөйдү. 22-июль күнү кечинде Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда эки машина кагышып алты киши мүрт кетти. Эки адам ооруканада.

21-июлда Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Ананьева-Каракол автожолунда авариядан беш киши каза болуп, дагы бешөө жаракат алган.

10-июлда да Ош облусунун Алай районунда жана Бишкек-Ош автоунаа жолунда болгон эки кырсыктан төрт адам өлгөн. Бул алты айдагы статистикага киргизилген эмес. (BTo)

Дагы караңыз

Токтогулда суунун көлөмү 11,5 миллиард куб метрден ашты Вакцина алгандан кийин каза болгон бейтаптан улам комиссия түзүлдүCOVID-19: он адам көз жумду, вирус 1127 кишиден аныкталдыЧүй: жол кырсыгынан алты киши мүрт кетти, дагы үчөөнүн абалы оор