Дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Клим Тё жана коомдук ишмер Эркин Асрандиевдин демилгеси менен Кыргызстан профессионалдык бокс федерациясы ачылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Орзубек Назаров маалымдады.
Анын айтымында, федерациянын максаты өлкөдө профессионалдык боксту өнүктүрүү, эл аралык деңгээлге алып чыгуу жана кыргызстандык мушкерлердин кызыкчылыгын, укугун коргоо болуп саналат.
“Биздин өлкө совет учурунда бокс мектеби менен таанылган. Азыр дагы башка мамлекеттин спортчуларына атаандаш боло турчу таланттуу спортчуларыбыз бар. Аларга колдоо, уюштуруу жана материалдык жардам керек. Мамлекеттин чамасы чектелүү болгондуктан федерация көмөкчү болот”, - деди Назаров.
Кыргызстан профессионалдык бокс федерациясынын президенти болуп Эркин Асрандиев шайланды. (TSh)
Дагы караңыз
Жарым жылда автокырсыктан 300дөн ашык адам каза болдуКыргызстан спортчуларын тосуп алды “Кумтөрдүн” алтын ылгаган фабрикасы ремонтко убактылуу жабылды Токтогулда суунун көлөмү 11,5 миллиард куб метрден ашты