“Электр станциялары” ишканасы учурда Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 630 миллион куб метр суу топтолгонун кабарлады. Суунун көлөмү ушул айдан тартып көбөйө баштаган.
Март айынын аягында Токтогулда суунун көлөмү 8 миллиард куб метрге чейин азайган. Аталган суу сактагычка 19,5 миллиард куб метрге чейин суу батат.
2007-2008-жылдары "Токтогулдагы" суу 7-8 миллиард куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келишет.
Дагы караңыз
Коронавируска каршы эмделген лидерлерЧүй: жол кырсыгынан алты киши мүрт кетти, дагы үчөөнүн абалы оор Ооган-өзбек чек арасындагы машыгууларга Канттагы авиабазадан учактар жөнөтүлөтОлимп оюндарын көрсөтүү үчүн Кыргызстанда жаңы телеканал ачылдыКыргызстан спортчуларын тосуп алды