“Бир дүйнө - Кыргызстан” Аскаровдун ишине байланыштуу билдирүү таратты

Азимжан Аскаров Бишкектеги сот залында, 10-июль 2017-жыл.

“Бир дүйнө – Кыргызстан” уюму кыргыз бийлигин укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишине байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын аткарууга чакырды.

“Бир дүйнө – Кыргызстан” тараткан маалыматка ылайык, БУУнун адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Аскаровдун ишинде адилеттүү соттук териштирүүгө, абакта ар-намысын коргоого укуктуу экенин билдирген. Ошондой эле аны абактан бошотууну жана айыптоо өкүмүн жокко чыгарууну сунуштаган.

23-июлда Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму да кыргыз бийлигин эл аралык милдеттерин аткарып Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу көз карандысыз, калыс иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Андан тышкары Аскаровдун үй-бүлөсүнө кенемте төлөп бериши керек деп эсептейт.

Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, 2010-жылдагы июнь коогасында "жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан" деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров 2020-жылы 25-июлда, №47 абакта 69 жашында пневмониядан каза болгон. Анын адвокаттары Аскаровдо COVID-19дун симптомдору байкалганын билдиришкен.

Жакында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту анын өлүмүн иликтөө боюнча адвокат Айдар Сыдыковдун даттануусун кароону токтоткону белгилүү болду. Бул тууралуу 2-июлда “Бир дүйнө Кыргызстан” уюму маалымдады.

Дагы караңыз

COVID-19: он адам көз жумду, вирус 1127 кишиден аныкталдыPegasus: тымызын тыңчылыктын жаңы деңгээлиПрезиденттик башкаруу: парламенттин кечиккен сыныЧүй: жол кырсыгынан алты киши мүрт кетти, дагы үчөөнүн абалы оор Ооган-өзбек чек арасындагы машыгууларга Канттагы авиабазадан учактар жөнөтүлөтЖаңы-Өзөндө бир нече ишкананын жумушчулары иш таштады Олимп оюндарын көрсөтүү үчүн Кыргызстанда жаңы телеканал ачылды