Олимпиада: Холокостту шакаба чеккен режиссер кызматтан кетти

Жапония. Сэйко Хасимото. Олимп оюндарын уюштуруу комитетинин башчысы.

Токиодо өтчү жайкы Олимп оюндарынын ачылыш аземинин режиссеру, куудул Кэнтаро Кобаясинин 1998-жылы Холокост боюнча шакаба чеккен видеосу жакында интернетке чыгып кеткен чырга байланыштуу кызматын тапшырды.

Токиодогу Олимп оюндарын уюштуруу комитетинин башчысы Сэйко Хасимото режиссер Кэнтаро Кобаясинин тарыхтын кайгылуу эпизодун шылдыңдаганы ачыкка чыкканын белгиледи.

Режиссер Кэнтаро Кобаяси өзү мындан 30 жыл илгери Холокост темасын мыскылдаганы үчүн кечирим сурады.

Интернетке тараган видеодо Кэнтаро Кобаяси “Холокост ойнойбуз” деген аталыштагы азил-тамашасында адамзатты тукум-курутка учураткан окуяны юморго айланткан.

Кэнтаро Кобаяси анда Холокост темасын туура эмес жана ыксыз азилге алганын жана бул үчүн абдан өкүнө турганын билдирди.

Дагы караңыз

Кыргызстан дагы тогуз мамлекетке визасыз режим киргиздиЭгизбаевдин эмгеги унутулбайтPegasus тыңчылык программасынын тизмесинде Кыргызстан да болгон Рахмон: армияны коңшуларга каршы колдонбойбузТалас: Заводдун ишине нааразы болгон элдин талабы