Токмок аймактык шайлоо комиссиясы добуш сатып алууга байланыштуу арыздардан улам "Эл Биримдиги" партиясын шайлоодон четтетти. Бул маалыматты аймактык шайлоо комиссиясы ырастады.
11-июлда Токмок шаардык кеңешине болгон кайра шайлоодо алты партиянын бешөө 7% босого чектен өткөн. Алар - "Бирге", Эмгек", "Асыл мурас-жаштар", "Патриот ынтымагы" жана "Эл биримдиги" партиялары. Эми төрт партия калды.
"Ата-Журт - Кыргызстан" партиясы болсо жетиштүү добуш топтой алган эмес.
Кыргызстанда быйыл 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринде мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда болду.
Бул үч шаардык кеңешке өткөн партиялардын талапкерлерине 24-июлга чейин мандаттар берилет. Бишкек менен Ош шаардык кеңешинде 45тен, Токмок шаардык кеңешинде 31 орун бар. (BTo)
Дагы караңыз
"Головной" ИИМдин атайын кайтаруусунда туратЖК шайлоо тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда өттүЧек ара: ЖК курал берүү тууралуу мыйзам долбоорду кабыл алдыОш облусун Зиядин Жамалдинов жетектейтПрезиденттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды Жанарбек Акаев: бийликтеги эки адам үчүн мыйзам жазылып атат