Балбан Имронбек Рахманов дүйнө чемпионатында коло медал тагынды (видео)

Эркин күрөш боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Имронбек Рахманов жана эркин күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону, машыктыруучу Улан Надырбек уулу. 21-июль, 2021-ж. Будапешт, Венгрия.

Кыргызстандык балбан Имронбек Рахманов Венгриянын Будапешт шаарында өткөн эркин күрөш боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Рахманов 21-июль күнү 45 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн беттеште индиялык Кумар Шоурияны 6:0 эсебинде жеңип алды.

Коло байге үчүн беттеш. Кумар Шоурия (Индия) - Имронбек Рахманов (Кыргызстан) 0:6. 21-июль, 2021-ж.

Рахманов бул чемпионатта жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач 20-июлда ирандык Хоссейн Сейфоллах Ахмадини 5:3, чейрек финалда румыниялык Валентин Баликаны 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалда орусиялык Алихан Ашиновго 6:0 эсебинде жеңилген.

Аталган чемпионатта 10 салмак категориясында байгелер ойнотулду. Балдар арасында эркин күрөш боюнча таймаштардан кийин бүгүн кыздар арасында эркин күрөштөн таймаштар башталды. Кыргыз спортчуларынан Таңчолпон Кыбалбекова 57 килограмм салмакта коло байге үчүн күчүн сынайт.

20-июлда башталган спорттук күрөш боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионаты 25-июлда аяктайт. 24-июлда грек-рим күрөшү боюнча беттештер башталат. (ECh)

Дагы караңыз

Токио-2020: Борбор Азия өлкөлөрүнүн курамы кандай?Токио-2020: Кыргызстандын курамы жана дымагыОлимпиададан ким алтын менен кайтат?COVID-19: чочулоо менен коштолгон Олимп оюндары