Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын расмий сайтына жарыяланды.
2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Ош облусунун жетекчилигине Жарасул Абдураимов дайындалган эле. Ал кызматка келгенден кийин ишкерлерге 10 бизнес долбоор сунуштап, ал толук ишке ашкан эмес. Ал ортодо Абдураимов экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды.
Зиядин Жамалдинов 2015-жылдан 2020-жылга чейин "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2020-жылы августта өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырган.
Өткөн жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер болгон.(MrA)
Дагы караңыз
Киев менен Варшава "Түндүк агым-2" долбооруна каршы чыктыТүрк прокуратурасы Орхан Инандыга 22,5 жыл сурадыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиПрезиденттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды Парламент президент сунуштаган төрт мыйзам долбоорун артка кайтарды