Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 23-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;
Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36;
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;
Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 20…22°, күндүз 36…38° градуска чейин ысыйт.
Дагы караңыз
“Озоди”: тажик тарап “Головнойдун” жанына видеокөзөмөл орнотту Парламент президент сунуштаган төрт мыйзам долбоорун артка кайтарды“Фактчек”: көлдө Жапаров менен сүрөткө анын ири демөөрчүсү түшкөнАк-Сай тургундары талкаланган үйлөрүн тез бүтүрүп берүүнү талап кылдыДепутаттар мыйзамдарды топ-тобу менен кабыл алууга каршы чыкты