Беларус: журналисттер бирлигин жоюуга арыз берилди

Беларус журналисттер ассоциациясынын эн белгиси.

Беларустун Юстиция министрлиги Беларус журналисттер ассоциациясын жоюу боюнча сотко арыз берди.

Юстиция министрлиги Беларус журналисттер ассоциациясына буга чейин эле «Коомдук уюмдар тууралуу» мыйзамдын бир катар ченемдерин бузганы үчүн жазуу жүзүндө эскертүү берген. Бирок кесиптик бирлик ал кемчиликтерди четтетүүгө эч кандай аракет кылган эмес. Бул тууралуу министрлик өзүнүн түшүндүрмөсүндө белгилеген.

Ушундан улам, мыйзамга ылайык министрлик аталган коомдук уюмду жоюу боюнча беларустун Жогорку сотуна арыз менен кайрылды.

Беларус журналисттер ассоциациясы кесиптик бирикме катары 1995-жылы негизделип, 2006-жылы мамлекеттик каттоодон өткөн.

1997-жылдан бери коомдук бирлик Эл аралык журналисттер федерациясынын (IFJ) мүчөсү.

Европа парламенти 2004-жылы Беларус журналисттер бирлигин «Ойдун эркиндиги үчүн» деген аталыштагы Сахаров атындагы беделдүү эл аралык сыйлыкка көрсөтүп, сыйлаган.

Беларус журналисттер ассоциациясы өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын жана журналисттердин укугун коргоп келген. Анын маалыматы боюнча учурда Беларуста 25 журналист бийликти сындап жазганы үчүн кармалып, ар кандай кылмыш иштери боюнча түрмөлөрдө жаза мөөнөттөрүн өтөшүүдө.

Дагы караңыз

COVID-19: чочулоо менен коштолгон Олимп оюндарыЧек ара: Ак-Сайдагы арабөк калган курулуштарИрандык ишкерлер кызматташуу максатында Бишкекке келиштиСел бир жумада он өмүрдү жалмадыЫрчы Азиз Батыров Түркияда өткөн фестивалда жеңүүчү болду