Ысык-Көлдө жоголгон Казакстандын жаранын издөө токтотулду

Жоголгон кызды издөө иштери учурунда тартылган сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жоголгон Казакстандын жараны 29 жаштагы Варвара Конопасевичти издөө иштерин токтотту. Мекеме мындай сунушту Конопасевичтин үй-бүлөсү бергенин жана Каракол дарыясынан анын бут кийими менен шымы табылганын билдирди.

15-июлда Орусиядан беш турист келип ​(ред: экөө, анын ичинде жоголгон кыз Казакстандын жараны) Каракол-Алакөл жайлоосуна барышкан. Алар жайлоодогу көпүрөдөн өтүп отун тергени кетишкен. Варвара Конопасевич көпүрөнүн берки бетинде калып дайынсыз жоголуп кеткен. Алгач ал Орусиянын жараны экени кабарланган эле.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 100дөн ашык кызматкери тартылып, окуя болгон жердеги 20 чакырымдай жерди карап чыгышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Эпкин - Баш-Кууганды жолу: ДЭУ-24түн жетекчиси иштен алынды Жаңы кодексте депутаттын бөгөт чарасы парламенттин уруксаты менен каралатПрезидент депутаттар менен өлкөнүн азыркы абалын талкуулайт Депутат Баткенди калыбына келтирүү жай жүрүп жатканын сынга алды