Баткен облусунда 19-июлда бир адамдын өмүрүн алган селдин зыяны толук такталып бүтө элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймакта ондогон адистер жана техникалар тазалоо иштерин улантып жатканын кабарлады.
Дүйшөмбү күнү Баткен жана Лейлек райондорунун бир топ аймактарында сел жүргөн. Жараталыш кырсыгында 16 жаштагы өспүрүм курман болду.
Лейлек районунун Ак-Терек айылында 25 турак үй, бир мектеп, бир бала-бакча жана бир мечиттин короосу, ички чарбалык жолдор жабыркады.
Баткен районунда чарбалык көпүрөлөр, жолдор бузулуп, электр мамылары жыгылды. Бир нече турак үйлөрдүн короолорун суу каптады.
Ушул күнү кошуна Тажикстанда да сел агызып кеткен 12 адам өлдү.
Дагы караңыз
Октябрга чейин жарык маал-маалы менен өчүрүлөтНью-Йорк соту Кумтөр иши боюнча бир нече чечим кабыл алды (жаңыланды)Франция журналисттердин тыңшалышын иликтеп баштады"Дельта" штаммы тездик менен тарап жататОогандык 77 кыргыз Тажикстанга кире качты